Биз мындан кутула албайбыз

Эгерде сиз бул макаланы өзүӊүздүн компьютериӊизден, планшетиӊизден же смартфонуӊуздан окуп жатсаӊыз – анда буюм жактан жакырчылык сиздин жашооӊуздун негизги көйгөйү эмес. Албетте, күн сайын 10 доллардан кем жашаган адамдардын 71% арасына сиз да киришиӊиз мүмкүн, бирок сиз өтө оор жакырчылыкта жашаган жоксуз. 

Бүт дүйнөдө 3 миллиарддан ашуун адамдар күнүнө 2,5 долларга жашап жатканы, бул абал алардын көп жылдан бери өткөрүп келаткан кадимки жашоосу экени өтө өкүнүчтүү реалдуулук.

Балдар чала тойгондугунан күн сайын өлүп жатканы, же алар аман калуу үчүн таштандылар жаткан жерден тамак издеген дүйнө жөнүндө ойлор адамдардын көбүндө боорукердикти ойготот. Бул коомдун боорукердиги коммерциялык эмес уюмдар аркылуу, саясат аркылуу, ишмердүүлүк жана диний уюмдар аркылуу, ошондой эле билим берүү уюмдары жана ММК (СМИ) аркылуу чогуу иштөөгө алып келип,чыныгы таасир бере алды: акыркы 30 жылда жакырчылыкта жашаган адамдардын саны 1990-жылда Жердин калкынын 36%нан 2015-жылда 10%га чейин кыскарды. Адам баласы жакрычылык менен күрөшүүдө чоӊ ийгиликтерге жеткени менен, биз дагы көп иштерди жасашыбыз керек.

Жакырчылык Кудайдын баштапкы планына кирбейт

Машаякчылар жакырчылык бул Кудайдын кимдир бирөөгө болгон каалоосу эмес экенине жана биз баарыбыз жакырчылыктын коркунучтуу натыйжаларын токтотуу үчүн болгон Анын планынын бир бөлүгү экенибизге ишенишет. Булишеним, машаякчылардын жакырчылыкты кыскартууга карата жасаган мамилесин тархыта чоӊ таасир тийгизгени анык. 

Машаякчылардын бул ишеними «2000-жыл – Салтанаттуу Жыл» деген долбоорлор аркылуу азыркы убакытта да уланып келе жатат. Бул эл аралык коалициялык кыймыл өнүккөн өлкөлөрдү үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрүнүн мамлекеттик карыздарын кечирүүгө жана аларды толугу менен жабууга чакырган. Англиядагы пенсияга чыккан профессор жана анын дипломат досу менен чогуу баштаган «2000-жыл – Салтанаттуу Жыл» аттуу кыймыл дүйнөнүн бүт тарабына таасир тийгизе алган үн боло алган. U2 тобунунБоно аттуу вокалисти эӊ таанылган питчер болду.

Бул кыймылдын негизи Ыйык Жазуудагы “Ар бир 50 жылда бардыгы карыздар кечирилиши керек, ошондо адамдар эч качан кутула албаган карыздын кыйратуучу жүгүнөн бошонот” деген ойдон башталган. 

Эгерде сиз студенттик насыянын бир нече жылдык карызы же башка насыя карыздарыӊыз чогулуп калган болсо, мындай карызды кечирүүнүн сизге жана үй-бүлөӊүзгө кандай мааниси бар экенин жакшы түшүнөсүз. Ошондой эле, насыянын пайыздык жүгү сизди бир нече жылдарга же, кээде, өмүр бою кандай коркунучта кармап турарын да жакшы билесиз.

Эгерде биз муну глобалдык деӊгээлге карай турган болоск, анда XXI кылымдын жакырчылыгынын жүгүн канчалык оор экенин түшүнө баштайбыз: анткени өнүгүп келе жаткан өлкөнүн карызы ага берилген чоӊ жардамдардын өзүнөн да ашып түшүп жатса, анда андай өлкөлөр кантип көтөрүлөт эле?

Эгерде биз алардын карыздарын кечирсек, анда  ал өлкөлөр кайрадан эле карыздарды топтошпойбу?

Ооба, жакырчылыкты токтотуу, карыздарды кыскартуу сыяктуу эле, оӊой иш эмес. Адамзат мурункусундай эле өзүмчүл, бийликке умтулган адамдарга толгон. Жакырчылыктын көлөмүн кыскартууга туруктуу өбөлгө түзүү үчүн, укуктук тартип, чыгымдарды башкаруу, соода-сатык келишимдер жана башкалар сыяктуу социалдык жана экономикалык реформалар керек.

Биз машаякчылар катары, байыркы жүйүттөрдүн тарыхындагыдай, “салтанаттуу жылды” өткөрбөйбүз, бирок бул түшүнүк азыркы күндө да метафорикалык жактан тирүү жана иштеп жатат. Биз кыйналгандарга, карызга баткандарга жана азап чеккендерге жашоодо дайыма мүмкүнчүлүк берүү керек деп ишенебиз.

Эмне үчүн жакырчылык бар?

“Кудай эмне үчүн жакырчылыкка жол берип жатат?” деген суроого айкын жооп жок. Ошондой болсо да, биз, жакырчылык – бул Кудайдын жазасы экендигине, ал эми байлык – Анын батасы экендигине ишенбейбиз.

Демек, биз мунун бардыгын өзүбүзгө өзүбүз кылып жатабызбы? Албетте, бизди финансылык кыйынчылыктарга алып келген туура эмес чечимдерди кабыл алган учурларыбыз бар. Бирок бул жакырчылыктын негизги себеби эмес. Машаякчылар пикиринде, жакырчылык көйгөйүнүн тамыры – бул адамзат мурункудай эле өзүмчүл жана күнөөкөр болгон да. Биздин өзүмчүл иштерибиз (же аракетсиздигибиз) биздин өлкөбүздөгү же бүт дүйнөнүн жакырчылыгына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Глобалдык көлөмдөгү өнүккөн өлкөлөр ресурстардын жана энергиянын өздөрүнө жетишсиздигинен улам, дүйнөдөгү башка өлкөлөрдү экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатышат. Мисалы: өнүккөн өлкөлөрдөгү азык-түлүктүн көптүгүн карап көрөлү – жакырчылык деген түшүнүк кайдан пайда болгон?

Жеке көз караш менен карасак, анда биздин муктаждыктарды канаттандыруу үчүн болгон умтулуубуз көбүнчө ресурстардын теӊ же теӊ эмес бөлүшүнө алып келет,  кимдир бирөө өзүнө зарыл болгон ресурстан куру каларын көрө алабыз. Материалдык мүлккө ээ болуунун өзү жаман эмес. Өзүбүздүн пайдабыз үчүн, адамдарды аларга керек болгон нерселерден  ажыратуу жана материалдык буюмдарга болгон ашыкча ач көздүк болгондо гана бул нерсе жаман болуп эсептелинет.

Иштин баары акчада гана эмес.

Акча менен байланышпаган “жакырчылыктын түрлөрү” биз ойлогонубуздан да көбүрөөк. “Жакырчылык” деген сөздү укканда, эӊ биринчи, биз материалдык жакырчылык жөнүндө ойлойбуз, бирок эгерде сизге кандайдыр бир нерсеге муктаж болуп турсаӊыз жана ошол муктаждыгыӊыз канааттандырылбай жатса, анда сиз ошол жагынан жакырсыз. Сиз мамилелешүү жактан, өзүӊүздүн кадыр-баркыӊыз жактан, өзүӊүздүн коопсуздугуӊуз жактан, өзүӊүздүн руханий жашооӊуз тарабынан, өзүӊүздүн дүйнөгө таасир этүү жөндөмдүүлүгүӊүз жагынан жана башка нерселер жагынан жакыр болушуӊуз мүмкүн.

Түшүнүү керек болгон эки көйгөй бар.

Алардын бири, ар бир адам, анда канчалык материалдык байлык көп болбосун, ал чыныгы жакырчылыкка туш болушу мүмкүн. Элестетип көрүӊүз – сиз дүйнөдөгү бүт акчага ээ боло аласыз, бирок денелик жана эмоционалдык жактан дагы деле кандайдыр бир нерселерге ээ болуунукаалай бересиз. Демек, чындыгында, сиз дагы эле жакыр боюнчасыз. Мындай окуяларга бай болгон бир катар өмүр баяндар бар: Говард Хьюз, Чарльз Шваб, Мэрилин Монро жана башкалардын окуялары ага мисал.

Кээде, биздин оюбузча, жакырчылык – бул ачка, жылаӊач жана үйсүз калуу дегенди билдирет. Бирок, каалоонун жоктугу, сүйүүнүн жетишсиздиги жана кам көрүүнүн кемтиги – мына ушул чыныгы жакырчылык болуп саналат.

     Мать Тереза

Көйгөйлөрдүн экинчиси болсо, бул материалдык жакырчылыктын артынан башка жакырчылыктын түрлөрү кошулуп отуруп, бардыгы биригип бир чоӊ үймөккө айланганында катылган. Колледждин “жакыр” студенттери тамак-аш жана үй-жай жөнүндө көп деле тынчсызданышпайт, анткени аларда дайыма, “кепилдик” катары, ата-энесинин үйү бар, алып жаткан билими жакында аларды материалдык жакырчылыктан алып чыгат деп ишенишет. Бирок чын эле жакыр болгон адамдардын көбү, адатта материалдык жакырчылыгына кошумча катары, социалдык же салыштырмалуу жакырчылык менен да күрөшүүгө аргасыз болушат. Ошентип алардын ар биринен чыгуунун өзүда өтө кыйын болот, себеби абалыӊызды өзгөртүү үчүн сизге көптөгөн ресурстар керектелет.

“Жакырчылыктын көлөмүн жоюнун негизинде, жакыр адамдардын жүрөгүндө Кудай берген кадыр-баркты күйгүзүү деген түшүнүк жатат, ошентип Кудай аларды кандай адам кылып жараткан болсо, ошондой болууга мүмкүнчүлүк берет. Мунун ичинде мол кубаныч бар. Биздин аракетибиз жалаӊ гана акчалай жагынан кам көрүү болуп калбашы керек. Жакырчылык менен күрөшүү – бул мамилелешүү маселесин да козгойт. Ыйса жакырларды сүйгөн жана кам көргөн, бизди да Өзүнүн артынан ээрчүүгө үндөйт” (д-р Энн Бредли).

Өзүбүздү өзгөртүү аркылуу, бул дүйнөнү өзгөртүүбү?

Машаякчылар катары, биз, жакырчылыкты (ар кандай түрүнүн) кыскартуу жолу – бул өзүбүздүн өзүмчүлүбүздөн баш тартуу деп ойлойбуз. Биздин жашообузду, көп учурда, жеке каалоолорубуздун бардыгын ишке ашырууга болгон умтулуубуз  жалмап кетет (Матай 6:19-21). Ошентип, биз да жакыр боюнча калганбыз.

Машаякчылар салтанаттуу жылдардын эӊ эле салтанаттуусу – бул Ыйсанын келиши болуп эсептелинет. Ыйсанын өлгөнү жана тирилүүсү аркылуу, өзүбүздүн өзүмчүлдүгүбүздүн же күнөөнүн кулу болбоо мүмкүнчүлүгүнө биз ээ болдук. Кудай бизге өзүбүздүн күчүбүз менен бошоно албаган күнөөбүздөн куткарылуу мүмкүнчүлүгүн берди. Мына ошондуктан машаякчылыктын борбору – бул адилеттүүлүккө, ырайымдуулукка жана эркиндикке коюлган басым, анткени Ыйса Өзү бизге ушундай мамилени көрсөткөнүн жеке тажырыйбабыздан билебиз.

Ошентип Ыйса биздин бүт карыздарыбыздын жүгүнөн биротоло арылткан, ошондуктан биз мындан ары өзүбүздүн каалоолорубузду гана издебейбиз. Анткени бизде бүт жаратылышты Кудай каалагандай кылып калыбына келтирүүгө жана жаӊылоого мүмкүнчүлүгүбүз бар (Кол. 1:20). Ошондуктан биз анын бир бөлүгү болгонун каалайбыз. Машайакчылар Кудайдан алган милдет катары, жердеги жакырчылыкты кыскартууга катышып жатышат (Лука 4:18-19); анткени жакырчылык кимдир бирөөгө болгон Кудайдын өзгөрбөс планы эместигине биз ишенебиз (Лука 12:22-34).

Жакырчылык деген эмне экендигин түшүнүүгө, туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүүгө жана жакырчылык менен күрөшүү үчүн эӊ олуттуу мотивдерди табууга жардам берүү үчүн, Ыйык Жазууда негиздер берилген. Бирок биздин бул аракеттерибиз менен жакырчылыкты толугу менен жокко чыгара албай жактаныбызга карабастан (Матай 26:11; Элч. иш. 17:26), Ыйса акырында бул жердеги жакырчылыкты жок кылуу менен, аны кайрадан жаӊылай турганына ишенебиз (Аян 21:3-5). Ошол күн келгенге чейин биз дайыма колубуздан эмне келсе, ошону калыбына келтирип, жакырчылыкты мүмкүн болгон даражага чейин кыскартабыз.

Avatar photo

By admin

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Давайте всегда будем на связи? Разрешите нам отправлять вам уведомления Давайте Не давайте