Азыркы учурда биздин коомдо «нике» деген сөз жөнүндө жана ал кимге карата колдонулаары жөнүндө көптөгөн дебаттар жүрүп жатат. 

Эмне үчүн машайакчылар бул маселе жөнүндөгү өзүнүн көз карашын көшөрө ырасташат? 

Бул биз үчүн абдан маанилүү, анткени «нике» деген сөздүн аныктамасы абдан көп, ал биздин жеке баалуулуктарыбызга жараша болот – бир жыныстуу нике, бирге турган жубайлар, үй-бүлө, жалган нике, секс ж. б. у. с. Тема жөнөкөй эле темага окшойт, бирок анын маанилүү натыйжалары бар жана ал сиз бул маанилүү сөздү кандай интерпретация кылганыӊызга көз каранды эмес. 

Нике жөнүндөгү машайактык көз караш кандай? 

  1. Кудай тарабынан белгиленген

Эӊ маанилүүсү, Кудай никени Өзүнүн алгачкы жаратууларынын бири катары күнөө кылынганга чейин жараткан. Бул идеалдуу дүйнөнүн жана мыкты тиричиликтин баалуу бир бөлүгү болгон. Адам менен Обонун никеси Кудайдан берилген жакшы белек болгон. Ооба, күнөө кылгандан баштап, адамдар никени бузушту, бирок никенин эӊ түпкү концепциясы Жаратуучу тарабынан жакшы нерсе деп кабыл алынат. Башталыш 2: 24-аятты караӊыз. 

2. Аял менен эркектин ортосундагы өз ара түбөлүктүү союз

Машайакчылар никеге ишенет. Биз бул сөздү же концепцияны талкуулоого аракет кылбайбыз. Аял менен эркектин ортосундагы өз ара түбөлүктүү союз – нике жөнүндөгү машайакчылык көз караштын маанилүү жана түшүнүктүү элементи. Албетте, бул көз караштын натыйжалары андан да таасирдүүрөөк: Башталыш 1: 27, Башталыш 2: 18, Матай 19: 4-6, Эфестиктерге 5: 22-23.

Тарых дагы нике деген сөздүн аныктамасы Жараткандын ниетине дайыма эле төп келе бербегенин анык көрсөткөн. Мисалы, өз ара макулдашуу жана аялдын никедеги ролу ал кандай болушу керек болсо, ошондой болгон эмес. Бирок белгилей кетүү керек, эркек менен аялдын ортосундагы никенин концепциясы машайакчылыкта гана колдонулбайт. Ал бир канча жылдар мурда эле актуалдуу болгон жана жалпынын колдоосуна ээ болгон, ал динге же маданиятка көз каранды болгон эмес. 

3. «Сен мени толуктап турасыӊ»

Машайакчылар негизи эркек менен аял башка-башка болсо деле, никеде алар бири-бирин толуктап турат жана бири-бирине жардам берет деп эсептешет. Бул бир тараптуу келишим эмес; эркек менен аялдын ролдорун алмаштырып албаӊыз, алардын бири башкасына караганда үстүн келет деп эсептебеӊиз. Жубайлар үчүн маанилүүсү, алар өзүн, өз чакыруусун, мүмкүнчүлүктөрүн жана алар никеден эмнени каалаганын билгени болуп саналат. Бул дайыма эле колдон келе бербейт. Эркек менен аял бири-бирине шерик катары жаратылган жана алар бири-бирин толугу менен үйрөнүп бүтө алышпайт. 

Ошого карабастан, биз нике деген жеке бакыт жана канааттануу деген көз карашка макул эмеспиз. Нике бизге кайсы бир мезгил аралыгында бактылуу импульсту берүүгө, керт башынын кызыкчылыгын көздөөгө арналган эмес. Ал эркектин да, аялдын да күчтүү жактарын бириктирүүгө багытталган – нике жубайларга гана пайда алып келүүнү эмес, алар тарбиялаган балдарга, өздөрү жашаган коомго да пайда алып келүүнү көздөйт. 

4. Балалуу болуу жана алардын тарбиясы

Адам менен Обо күнөө кылганга чейин Кудай аларга берген биринчи осуят «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула» деген осуят болгон. Нике – интимдик мамилелер үчүн коопсуз болгон аралча, анын натыйжасында үй-бүлө көбөйөт. Кудай эркек менен аялдын ортосундагы сүйүүнүн эӊ күчтүү көрсөтүлүшүнөн жаӊы өмүрдү жаратат. Жубайлар өзүн коопсуз сезиши жана балдарын сүйүүдө тарбиялашы үчүн нике керек. Башталыш 1: 28 жана Матай 19: 6-аяттарды караӊыз. 

5. «Мен убада берем» деген билдирүү

Эркек менен аял кайгыда жана кубанычта, кадимки күндөрдө жана майрамдарда, өмүр бою кол кармашып өтөбүз деп жар салуусу (адатта, эл алдында) никени аныктоонун машайактык салттуу бөлүгү болуп саналат. Бул нерсе Адам жана Обо тарабынан жасалбаган болсо деле, күнөөнүн айынан бүгүнкү күндө бул зарыл нерсе болуп саналат, анткени:

  1. Ал бул никедеги жубайлардын жана балдардын укугун коргойт.
  2. Ал ишенимдүүлүктү камсыз кылат, чек аралардыа ныктайт, денелик кумарларды жана сексуалдык ээн баштыкты ооздуктоого жардам берет. 1 Корунттуктарга 7: 2, Эврейлерге 13: 4 жана 1 Тесалоникалыктарга 4: 2-5-аяттарды караӊыз. 

Никелешүүдө нике кыюу жана нике жөнүндөгү күбөлүк зарыл шарт болуп эсептелеби? 

Экөө теӊ никенин маанилүү элементи болуп саналса да, аларсыз деле никелешүүгө болот. Машайакчылар үчүн нике кудайлык   болуп саналат жана анын негизги максаты укуктук да, жыйындык да каада-салт эмес. Чынында, б. з. 4-кылымына чейин нике кыюуга байланышкан ыйык кызматкылуучунун сыйынуусу жана баталары жөнүндө эч бир реалдуу далил жок. Биз жыйын кубаттаган жана мамлекет юридикалык жактан колдоого алган үйлөнүү тойду өткөрүүнү колдогонубуз менен, машайакчылар үчүн никелик союз бул экөөнө караганда чоӊураак түзүлүш болуп саналат. 

6. Кудай менен адамзаттын өз ара мамилеси

Библия көп учурда никени Кудай менен адамзаттын мамилесинин тирүү картинасына окшоштурат. Нике Кудай тарабынан практикалык себептерден улам курулган болсо деле, никенин маӊызы жана натыйжасы Кудай бизге кандай мамиле кылгысы келеринин көрсөтмөсү катары кызмат кылат. Эфестиктерге 5: 22-23 жана Жакан 17: 22-23-аяттарды караӊыз. 

Тереӊ маани жана алыскы келечектеги натыйжалар

Ошондуктан биз сизди машайакчылар үчүн нике жөн эле сөз же атуулдук укуктарга тиешелүү маселе эмес экенин түшүнөт деп үмүттөнөбүз. Машайакчылар үчүн нике Кудайдын алгачкы жаратуусунун бир бөлүгү болуп саналат. Ал адамдык мамилелерди камсыз кылат. Алар өз кезегинде Кудай менен жер бетин толтурган, Ал Өзү жараткан, анын жаратылышы үчүн кам көргөн адамзаттын мамилесин чагылдырат. 

Жалгыз жашагандар үчүн маанилүү эскертүү

Жалгыздык Кудайдын көз алдында адамдын баркын кичирейтпейт. Бул жер бетиндеги ар бир адамдын өз максаты, өз чакыруусу бар. Жубайдын ролу жогорку деӊгээлдеги убакытты, көӊүл бурууну жана баалуулукту талап кылат. Кээ бир адамдар жалгыздыкты артык көрүшөт жана өз жашоосунун көп бөлүгүн башка чакырууга арнашат. Мындай учурда үй-бүлө жана балдар кызматтан алагды кылышы мүмкүн. Ыйса жалгыз өткөнүнүн жападан-жалгыз себеби Анын көӊүлүнүн баары адамзатты өзгөртүүгө бурулгандыктан деп эсептейбиз. 1Корунттуктарга 7: 38-аятты караӊыз. 

Avatar photo

By admin

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Давайте всегда будем на связи? Разрешите нам отправлять вам уведомления Давайте Не давайте