Достук – Кудай адамзатка берген жакшы белектердин бири. Кызыкчылыктары же иш-чаралары бир болгон эки же үч адам биргелешет, анан алардын мамилелери улам өсүп отуруп, бир туугандардын ортосундагы мамиле сыяктуу эле бекем жана күчтүү болуп чоӊоет. Достуктун мындай түрү бактылуу жашоонун негизги булагы болуп саналат.
Байыркы маданияттарда достукту адамдарга жакшы таасир берген сапат катары карашчу. Ал ишенимдүү болууга, берилгендикке жана сүйүүгө үйрөткөн. Байыркы адабий чыгармалар жакшы достор жөнүндө үлгүлөргө толгон, мисалы, ысрайылдык Дөөт менен Жонатан, гректер Дамон жана Пифиас, француздар Роланд жана Оливер. Азыркы күндө ар кандай гомосексуалдык байланыштар достук мамиледен да жогору бааланып калганына карабастан, медиа маданиятындагы чыныгы досторго, мисалы, “Шакектердин Эгедери” аттуу тасмадагы Фродо менен Сэм, Шерлок Холмс менен доктор Ватсон, “Жылдыздар жолу” тасмасындагы Кирк, Спок жана Маккойдун достугун көрүп, кубанып келебиз. Ыйсанын да Ага жакын болгон он эки шакирттерден (жолдоочулардан) турган тобу бар болгон, алардын арасынан Ыйсага өзгөчө жакын болгондору: Петир, Жакып жана Жакан.
Бирок достук дайыма эле биз каалагандай эӊ сонун мамиле эмес. Себеби кош айтышуу, муздак мамиле жана саткынчылык дайыма болуп келген. Анткени адамдар бири-бири менен болгон баштапкы мамилесин жоготушуп, кыялдар менен жашап калышат. Ошондой эле, жаман идеяларды борбор катары карманышып, достук мамилесин курган учурлар да жок эмес, мисалы, сериялык адам өлтүргүчтөр менен достошуу, же улутчулдук менен нацизм кыймылдарын пайда кылган достук. Жеке тажрыйбабызды карап көрсөк, биз баарыбыз мектепте же иштеген жерибиздеги достук мамиленин “жакшы” деп айтууга кыйын болгон учурларын – эки же үч адам өздөрүнүн достугун башка адамдарга зыян келтирүү үчүн, аларды басынтуу же активдүү түрдө коркутуу үчүн колдонушкан учурларга күбө болгонбуз.
Мунун бардыгы “достук” деген түшүнүктү бурмалайт. Машаякчылар “Кудай достуктан мындай мамилени көргүсү келбейт” деп эсептешет. Адамдын жамандыгы Кудайдын башка жакшы белектерине сиӊип кеткен сыяктуу эле, достук мамилеге да кирип, аны болушунча бузуп салган.
Жакшы Достук үчүн эмне кылуу керек?
Достукту эмне жакшы кылары жөнүндө машаякчылык көп кеӊештерди бере алат. Эӊ маанилүү болгон бир кеӊеш, бул канчалык кызыктай угулбасын, бирок достукту анын өзүнөн да ашыра маанилүү кылып албоо керек. Башка адамдын үстүнө өзүӊүздүн бардык коркунучтарыӊыз менен үмүттөрүӊүздү жүктөп, аны көтөрүп жүрүүгө мажбурлоого болбойт. Көпчүлүк адамдардын мындай жүктүн оордугунан улам достуктан көӊүлдөрү калат. Кандай адам болсо мейли, иши кылып ага дос боло алган адамды ушунчалык каалаганын дайыма, тынбай айта берген жалгыздыктагы адам менен жолуккан белеӊиз? Мындай адам дайыма досу жок болуп жашоого аргасыз болгондой сезилет. Себеби, анын досу пайда болор замат, ал ага күчүнүн болушунча жармашып, өзүнүн муктаждыктары менен коркутуп жиберет. Достук мамиле өтө маанилүү, бирок ал адамдын муктаждыктарын толугу менен жабууга жаратылган эмес. Бул үчүн Кудай бар.
Андай болсо, кадимки шарттарда кандай болот, алсак, эки адам эч кандай драмасыз, бири-бирине эч кандай талап койбостон, жөн гана чогуу убакыт өткөрүүнү жакшы көрүшсөчү? Машаякчылыкта мындай туура мамиле жөнүндө көп айтылат. Кандай гана адамдар болбосун, алар дайыма жакшы мамилеге муктаж, Кудай биздин ушул тарабыбыздын, мисалы, чыдамкайлык менен сылык-сыпаалык сапаттарыбыздын өсүшүн каалайт. Дос болгон адамдардын көбү достук мамиленин катаал мезгилдеринен өтө турган күндөрдөн өтүшөт жана бири экинчисинин оюн же иштерин түшүнбөй жаткан убакыт да келет. Мындай учурларда чыдамкайлыктын, сылык-сыпаалыктын жана момундуктун чыныгы мааниси көрүнөт. Момундук: “Эй, балким мен бир нерсени көрбөй жаткандырмын же досум менен эмне болуп жатканын түшүнбөй жаткандырмын”, – дейт. Ал эми сылык-сыпаалык: “Мен досума өзүнүн көйгөйүн чечип алышы үчүн мүмкүнчүлүк берем, эгерде ага колдоо көрсөтө ала турган болсом, анда ошону жасайм”, – дейт. Чыдамкайлык болсо: “Бул көйгөйдү чечүүгө силерге канча убакыт керек болсо, ошол убакыттын бардыгын корото бергиле, а мен болсо күтө турам”, – дейт. Мунун бардыгы кыйналып жаткан адамды эле руханий өстүрүп тим брлбостон, аны чыдамкайлык жана кам көрүү менен күтүп, жанында чогуу болгон досун да руханий өстүрөт.
Өзүӊүз көрүп тургандай, мындай учурлардын бардыгында биринчи орунга өзүӊүздүн жеке муктаждыктарыӊыз менен каалоолоруӊузду эмес, досуӊузду дайыма коюшуӊуз керектиги жөнүндө сөз болуп жатат. Бул бардык туура карым-катнаштарда, анын ичинде достук мамиледе да өтө маанилүү. Албетте, кандайдыр бир чектерди белгилөө үчүн убакыт келиши мүмкүн, себеби, эгер достук Сиз үчүн жана Сиздин досуӊуз үчүн талкаланууну алып келип жатса, анда мындай мамилени улантууга болбойт. Бирок бул адаттагы учур эмес.
Сиз, досуӊуз менен болгон достугуӊуз жакшы экенин, ал экөөӊүздөргө бирдей, өзгөчө досуӊузга жана сизге дагы бата экенине ишенүүнү каалайсыз. Эгерде достукту кармоо үчүн бир эле адам убакыт бөлсө, анда бул жакшы эмес. Ошондой эле, эгер достукта бири экинчисинен азыраак мааниге ээ болуп жаткан болсо – мисалы, туура эмес көз карандылыктын ыкмасын жаратып, бири экинчисинин орой жүрүм-турумуна же туура эмес мамиленин үлгүсү болууга жол берип жатса, анда бул да жакшы эмес. Мындай учурда, эгерде достук өзүнүн көӊүлүн туура нерсеге багыттабаса, анын токтогону көбүрөөк пайдалуу болот. Достук мамилелер ушинтип аяктаган күндө да, Кудай айыгууну жана эки тарапка бирдей жаӊы башталышты жарата алат деп биз ишенебиз.
Кудайдын досу?
Бул канчалык кызыктай угулбасын, бирок Кудай Өзү да адамдарды, кээде, Өзүнүн достору деп атайт. Биз, адатта, достор жөнүндө ойлогондо, аларды бир катарда турган же бир аз да болсо денгээли бирдей болгон адамдар деп ойлойбуз. Бирок Кудайга ким теӊ келе алсын? Ошентсе да, Ышайа 41:8де Кудай Ыбрайым аттуу адамга Өзүнүн досу катары кайрылганы жазылган, ошондой эле Ыйык Жазууда Кудай Муса жөнүндө “досу менен сүйлөшкөндөй, бетме-бет сүйлөшчү” деп жазылып турат (Чыгуу 33:11). Ыйса да Өзүнүн артынан ээрчиген адамдар менен бетме-бет сүйлөшкөн. Дегинкиси эле Ал “салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөрдүн досу” – башкача айтканда, ылдыйкы статустагы адамдардын досу деген атка конгон эле, коомубузда мындай адамдарды “экинчи сорттогу адам” деп аташат. Бирок Ага ушундай ат койгону менен душмандары туура айтчу, себеби Ыйса так ушул адамдардын арасында убакыт өткөрүп, эч кимге кереги жок болгон алар үчүн кам көрчү.
Кудайдын достугу кандай болорун Ыйса түшүндүрүп, мындай деген: “Менин осуяттарым бул: бири-бириӊерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө. Достору үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок. Эгерде силер Менин айткан сөздөрүмдү аткарсаӊар, Менин досторумсуӊар” (Жакан 15:12-15).
Ыйса Өзү сүйгөн жана алар үчүн өлүүгө даяр болгон адамдарды чакырган. Алар да, Ыйса сыяктуу эле, Ал сүйгөн Кудай-Атага баш ийишкен; анан Ыйса аларга, Кудай Ага айткан нерселердин бардыгын айтып берген. Ыйсанын жүрөгүндө шакирттер Анын достору болчу.
Кудайдын досу болууну – мына ушуну Ыйса Өзүнүн шакирттерине каалаган, азыр да Ыйса так эле ушул нерсени биз үчүн да каалайт. Машаякчылар, Кудайдын досу болууну каалаган ар ким, Анын досу боло алат деп ишенишет жана бул достукту баштоонун бирден бир жолу – Инжилде жазылган Ыйсаны таанып билүү.
